Жолдор жана транспорт · Талас облусу
Өтмөк ашуусунда кар жаагандыктан жүк ташуучу унааларга жол жабылды
11-ноябрда саат 6:38ден тартып Суусамыр – Талас – Тараз жолунда бардык жүк ташуучу унааларга убактылуу тыюу салынды: Өтмөк ашуусунда катуу кар жаап, жол тайгак. Чоң унаалар Талас районундагы 60-км, «Алим» токтотмосунда токтотулат; жеңил унаалар өтүп жатат, жол кызматкерлери жолду тазалоодо. Тыюу…
Булагы: Госинформагентство «Кабар» · Жарыяланды: · Жаңыртылды:
- Качан
- 11-ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, 06:38
- Кайда
- Талас облусу, Өтмөк ашуусу, Суусамыр – Талас – Тараз жолу
11-ноябрда саат 6:38ден тартып Суусамыр – Талас – Тараз жолунда бардык жүк ташуучу унааларга убактылуу тыюу салынды: Өтмөк ашуусунда катуу кар жаап, жол тайгак. Чоң унаалар Талас районундагы 60-км, «Алим» токтотмосунда токтотулат; жеңил унаалар өтүп жатат, жол кызматкерлери жолду тазалоодо. Тыюу качан алынары өзүнчө кабарланат. Төө-Ашууда жүк унааларына чектөө саат 11:00дө алынды.